Астротөлгө: 6-июль күнү төрөлгөндөр жалгыздыктан жаа бою качышабы?

6-июль күнү төрөлгөндөр жалгыздыктан жаа бою качышат. Турмушта үй-бүлөнү биринчи орунга коюп, жакындарын таштап эч жакка кетпейт.

Бош эмес болсо да өз ишин токтотуп коюп досторуна, кесиптештерине убакыт бөлөт. Көңүлү чөгүңкү абалда болуп турса да башкаларды кыжалат кылбаш үчүн дайыма жылмайып жүргөнгө көнүп калган. Ошондуктан бардыгы аларды кайгы-капаны билбейт деп ойлошот. Бирок андай эмес. Ар бир кыйынчылыкты жүрөгү аркылуу өткөрүп, башкалардын маанайын көтөрүү үчүн өзүн гана кыйнап тим болушат. Мындай учурда стресске кабылбаш үчүн жакындары менен сыр бөлүшүп, сүйүктүү жумушу менен алек болуусу жардам берет.

Бул күнү төрөлгөндөр ишенимдүү жана романтик болушат. Сүйүүсү үчүн өз идеалдарынан баш тартып, анын ордуна өзүнө болгон сый таба алышат. Жан дүйнөсү бай келип, көбүнчө актёрлук жана жазуучулук кесипти тандашат.

Жакындарын жоготсо, айрым учурда спирт ичимдиктеринен баш тарта албай калышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан