Коомдук ишмер Камчыбек Ташиевдин Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абалды жөнгө салуу боюнча протоколдун мазмунунун жашырылышы тууралуу билдирүүсү негизсиз. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн мүчөлөрү Жогорку Кеңешке Кыргыз-Тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча отчёт берген.
"Протоколго 2019-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринини орун басары Азим Иброхим тарабынан кол коюлган. Анда эки өлкө кызыкчылыгы эске алынып, чектеш райондордогу ошол учурда токтоп турган транспорттук байланыштын калыбына келтирилиши, ошондой эле Баткен районундагы Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолдорунун курулушунун улантылышы камтылган.
2019-жылдын 1-апрелинде премьер-министр жер-жердеги курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын тургундары менен жолугушуп, жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы жана аларга көмөк көрсөтүү пландары тууралуу айтып берген.
Андан соң өкмөттүн мүчөлөрү Жогорку Кеңештин жыйынында жана тийиштүү комитетте чек ара чатактарын жөнгө салуу, ошондой эле чектеш райондордогу айылдарга колдоо көрсөтүү чаралары боюнча жыйынтык маалымат беришкен.
Маселенин өзгөчөлүгүнө жараша жана чыр-чатактын кайталануусуна жол бербөө максатында, ал Жогорку Кеңештин жыйынында жабык режимде каралган, анын жүрүшүндө өкмөт тараптан депутаттарды кызыктырган бардык суроолорго жооп берилген.
Биздин өлкөдө ар бир жарандын ар кандай актуалдуу маселелер боюнча өз пикирин ачык билдирүүгө укугу бар, бирок Камчыбек Ташиевдин билдирүүлөрүн негизсиз деп эсептейбиз", - деп айтылат өкмөттүн жообунда.
Буга чейин Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абалды жөнгө салуу боюнча протоколду жарыялоону талап кылган.