15-май күнү брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов 8-майда орун алып, 3 аскер кызматкери жаракат алган Кыргыз-Тажик чек ара чырына да токтоло кетти.
"Баткен облусуна караштуу Көк-Таш айылында биздин жараныбыздын 50-60 сотых жери бар экен. Ал көп жылдан бери жерди иштетип келген. Ошол жер кийин тажиктер менен кыргыз тургундардын ортосунда сеники-меники деп талашка түшкөн. Өлкөнүн чек ара маселесин эл чечпейт, эки өлкө чечет. Негизи Кыргыз-Тажик чек арасынын маселеси чечилип, жакшы жагына баратканда коронавирус чыгып, ал иш токтоп калды. Келечекте маселе оң жолуна чечилет деп ишенем", - дейт Абдрахманов.