ИИМ: "Кыргыз-Тажик чек арасында түндө мыйзам бузуулар жана тартип бузуулар катталган жок"

Кыргыз-Тажик укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик биргелешип эл арасында аткарылып жаткан маселелер боюнча түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түнү бою Кыргыз-Тажик милициясынын биргелешкен тобу чек ара такталбаган аймактарында кызмат өтөштү. "Эч кандай мыйзам бузуулар жана тартип бузуулар катталган жок. Абал туруктуу. Кечээ, 15-мартта кечинде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери менен жолугушуп, атайын инструктаж өткөрүп, кошумча тапшырмаларды белгиледи.
Коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун сактоого багытталган кызмат өтөө учурунда мыйзамдуулукту сактоо, эч кандай мыйзам бузууларга жол бербөө, тургундарга жардам берүү жана жергиликтүү бийлик органдары менен түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү маселесин койду. Ошол эле учурда милиция кызматкерлеринин шартын, эс ала турган жайын жана тамак-ашына да өзгөчө көңүл бурду", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Begimay.emir1
2019-03-16 13:17:22
Ошондой тополон болуп жатса, элдер эмне маданияттуу суйлошушуп, маданияттуу урушуп атышыптырбы? Иштебей эле кеткилечи. Айтпайсынарбы чынын эле. Дорбогон элди токтотуш кыйын деп эле
+4
Povetkin
2019-03-16 18:35:48
Билебиз согуш бул акылсыздык, бирок унутпагы сыйлагандыда ушунча сыйлайтыр озунордун авторитетинерди кетирип башынарды салып карап тура бербей, намысынар жок экен вообще бабалардан калган жерди болуп акмагын чыгармай болдунар Бут жака кулку болуп, биз эгемендуу элбиз деп койот дагы кана не зависимый республика дегенинер,коркоктор...
+1
Erik2018
2019-03-17 10:32:40
Ушул чек араны ушундай абалга чыр чатака алып келгенге мурунку бийликтин түздөн-түз тиешеси бар. Алар учурунда тажиктер менен тен ата сүйлөшкөндө мындай абал жаралбайт болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан