Майлуу-Сууда февраль айында жоголгон 16 жаштагы Камиланын жансыз денеси табылды

Майлуу-Суу шаарында февраль айынан бери дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Камила Абдубаитованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өспүрүм кыздын бир тууган агасы Бексултан Абдубаитов билдирди.

Анын айтымында, Камиланын жансыз денеси адырдан табылган.

"Карындашымдын сөөгү гана калыптыр. Кимдир-бирөө тарабынан өлтүрүлгөнүн же башка фактыларды экспертиза аныктайт. Учурда Майлуу-Суудагы өлүкканада. Себеби медициналык экспертиза жүргүзгөн адамдар бошой албай жатат. Бирок кечке чейин бизге жууп, тазалап беришет. Сөөгү бүгүн эле жерге берилет", - дейт ал.

Буга чейин 18-февралда Камила Абдубаитовага издөө салынган. Ал мектепке кеткен боюнча үйгө кайтып келбегени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ninja82
2019-04-15 17:25:21
Байкуш кызга эмне болду экен,жакындарына сабыр берсин Аллахым.
+12
Nurais
2019-04-15 20:27:08
Багып алганын билгенден кийин үйүнөн чыгып кеткен экен.
+3
Kroxa
2019-04-15 22:23:33
Nurais,багып алса эмне экен???бала такандыкы эмес баккандыкы...себеби башка болсо керек...
+1
Skarlett-Skarlett
2019-04-16 01:40:22
Kroxa,тапкандыкы десениз тууганым
0
engel
2019-04-16 04:11:02
Kroxa,себеби ошол деп журот
0
raykray
2019-04-15 20:29:43
Мен тушунгон жокмун, экспертиза жургузулбой туруп комулобу ошондо?. Жакындарына сабыр
+3
madina.87
2019-04-16 04:20:33
raykray,Экспертиза жүргүзөт, жыйынтыгы чыкпай
жатып көмүлөт экен.Мен ушинтип түшүндүм
0
senchi
2019-04-16 15:30:59
Жаткан жери жайлуу болсун. Күнөө өзүнөрдө экенда,кызды ошол даражага түрткөн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан