Астротөлгө: 6-сентябрь күнү төрөлгөндөр ар кандай кыйынчылыктарды жылмаюу менен жеңе алышабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

6-сентябрь күнү төрөлгөндөр жайдары, мамилечил жана сылык келишет. Өз алдынча болуп көрүнгөнү менен, жалгыздыктан жаа бою качышат.

Адептүү жана токтоо келип, алардын жүрүм-турумунан дээрлик кемчилик табууга болбойт.

Сезимтал жана бир сырдуу болгондуктан мүнөзү, жүрүм-туруму жакпаган адамдардан алыс болууга аракет кылып, сүйлөөдөн да баш тартышат.

Достору жана жакындары алардын сабырсыздыгын белгилеп, ошол эле учурда чыдамкайлыгына баа берип келишет.

Бул күнү төрөлгөндөр кыйынчылыкта аккан жашын жамгырдын тамчыларына жашырып, жылмаюу менен турмуштун жаңы барагына өтө алышат.

Эрктүү келип, башкалардын бактысы үчүн өзүн чырмалган сезимдерден бошотуп кетүүгө даяр болушат.

Үй-бүлөдө кызганчаактыгын канчалык жашырууга аракет кылса да, мурдунун учундагы ачуусу байкатып коёт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан