24-сентябрда төрөлгөн адамдар достукка бекем, ак көңүл адамдар болушат. Бул күнү төрөлгөндөр материалдык байлыкка караганда чыныгы достукту баалайт. Алар ошол эле учурда үй-бүлөсүнө жана досторуна абдан берилүү менен мамиле кылып ишенимдүү болушат.
Бул күнү жарыкка келген адамдар өзү сүйүктүүм болот деп ишенген адамына гана көңүл буруп, болгон сүйүүсүн тартуулайт. Булар сүйүү үчүн романтикага да жакын болуп чыга келишет. Өнөктөшүнө кам көрүп, белек-бечкектерди берип кубантууну да жакшы билишет. Ошол эле учурда алар жөн эле бирөөнүн көңүлүн алып үмүттөндүргөндү жактырышпайт.
24 санынын алдында төрөлгөн адамдар чыгармачылыкка абдан жакын болушат. Тандап алган чөйрөсүнүн алдында сөзсүз ийгиликке жетишет.