Ош шаарында 4-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы Аймончок Таир кызы табылды. Бул тууралуу кыздын иниси SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, кыз кечээ, 18-апрель күнү эртең менен Жалал-Абад шаарынан табылган.
"Эжем ал жакка курбулары менен кетип калыптыр. Ден соолугу жакшы. Милиция кызматкерлери эжемди телефону аркылуу табышты", - деп билдирди ал.
Аймончок Таир кызы 4-апрель күнү саат 11:00 чамасында Ош шаарынын өзү жашаган Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасындагы батирлердин биринен чыгып кетип кайра кайрылып келген эмес.