Астротөлгө: 20-апрелде төрөлгөн адамдар чыгармачылыкка жакын болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

20-апрелде төрөлгөн адамдар таланттуу, фантазиясы күчтүү, чыгармачылыкка жакын, башкача айтканда, көпчүлүгү актёр жана музыкант болушат. Бул күнү төрөлгөндөр абстракттуу нерсеге ишене беришпейт. Колу менен кармап, көзү менен көрмөйүнчө ынанышпайт. Тамак-аш жаатында - таттууну сүйүүчүлөр, сиз бул нерсени тыйсаңыз дагы майнап чыкпайт. Ошондуктан өз эркине коюп, каалашынча таттуу жегенге мүмкүнчүлүк бериңиз. Андан сырткары сабиз, кызылча жана шалгам менен жасалган тамактарды жакшы көрүшөт.

Достукка бекем, көз карандысыз, күчтүү, сезимтал болгондугу менен өзгөчөлөнүшөт. Күтүлбөгөн, өзгөчө белек алгандагы эмоциялары бардык материалдык нерселерден жогору бааланат. Достору менен баарлашууда таарынтып алам деп коркпостон оюн ачык айтат. Иш баштаарда терең ойлонушат, "жаз - жарыш, күз - күрөш" деген макал дал ушул адамдарга тиешелүү, себеби эмгекти сүйгөндөрдүн сап башында турушат.

20-апрелде төрөлгөн кой жылдызынын ээлерине жаачы белгисиндегилер төгөрөгү төп келген түгөй боло алышат, ошондой эле эгиздер да үй-бүлө маселесинде жаачылардан кем калышпайт. Суу куярлар менен жалпы кызыкчылыктары бир болгондуктан бири-бирин жакшы түшүнө алышат. Ошондой эле текечер жана тараза жылдыз белгисинин ээлери менен мамилеси келише бербейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан