22-ноябрда төрөлгөн адамдар амбициясы күчтүү, ачык-айрым болушат. Адамдар менен бат эле тил табышып, достук, сүйүү мамилесин курганы менен эрте үй-бүлө курууну каалашпайт. Булар эркин жүрүүнү, өзү каалагандай жашоодо жашоону жакшы көрүшөт. Булар биринчи кезекте өзүн-өзү материалдык жактан өнүктүрүп, андан соң жеке жашоону пландаштырууну каалашат. Алар бир гана өзүнүн эркиндигин эмес, бирөөнүн да эркин жүрүүсүн чектөөнү жактырбайт.
Булар жеке мамиледе сүйүктүүсү деп эсептеген гана адамга жылуу сезимин арнайт. Башкаларга кызыгып, тийишүүнү, сүйүктүүсүнүн көзүнө чөп салууну жактырбайт. Булар ак ниет, түз жүргөн адамдардын катарын толуктайт десек да болот.
Бул күнү жарыкка келген адамдар түрдүү тармактарда иштеп, аны менен катар ийгилик жарата алгандардын катарын толуктайт. Булар иштеген ишинен баар таап, кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болуу менен бирге, материалдык да байлык топтоп алууга эрки жеткен адамдар болушат. Ошондой эле алар эркин жүрүүнү каалаганы менен, кандай чөйрөдө иштесе да жоопкерчиликтүү, жетекчилик менен тил табыша билгендиги менен сыйга татыйт.