Астротөлгө: 29-июнь күнү төрөлгөндөр укмуштарды күтүп жашайбы?

Бул күнү төрөлгөндөрдүн фантазиясы күчтүү болуп, кыялында ар дайым укмуштарды күтүп жашашат. Кимдин болсо да ой-кыялын угуп калса, ошол замат аны кубантуу үчүн ишке ашырууга тырышат.

Бактыга жараша, 29-июнь күнү төрөлгөндөр өмүр бою акча каражатына муктаж болбой, тескерисинче, каалагандай чачып жашашат.

Ар бир иштин өтөөсүнө чыгып, сөздүн да гүлүн терип сүйлөөгө аракеттенет. Бирок көркөм сөзгө уста болгону менен кээде өз оюн толук жеткире албай кыйналат.

29-июнь күнү төрөлгөндөрдүн күжүрмөн эмгегинин жыйынтыгы ар дайым таң калтырат, себеби өтө так жана пландан ашыгыраак бүткөрүлөт. Ошондуктан аларды дос-курдаштары көбүнчө "сыйкырчы" аташат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан