Астротөлгө: 2-май күнү төрөлгөн адамдар кандай болушат?

2-майда төрөлгөндөр негиздүү, туура ой жүгүрткөн адамдар болушат. Бул күнү төрөлгөн букачарларга идея эмес, аны ишке ашыруу, жыйынтык чыгаруу маанилүү.

Дал ушул күнү төрөлгөндөр адамдар менен бат тил табышкан, харизмасы күчтүү, команда менен иштөөгө жөндөмдүү болушат. Талашып-тартышканды жаман көрүп, компромисске оңой барат.

Ошондой эле алар мыкты психолог болушат. Абдан өкүмчүл адамдар. Бардык нерсе өзүнүн эрежеси менен болгонун жактырат. Ал эрежелерин үйүндө да, жумушта да орнотконду туура деп ойлойт.

Бул күнү төрөлгөндөр психикалык абалын туруктуу кармап, ден соолугуна күч келтирбей тез-тезден эс алып турганы жакшы. Анткени стресске кабылып, эмоцияга өзүн бат алдырат.

2-майда төрөлгөндөр дипломат боло алышпайт. Бирок сыйга татыктуу. Алтынчы туюмуна эмес, акыл-эсине таянгандар. Бул күнү төрөлгөндөргө өзүн жумшак алып жүрүү сунушталат. Анткени катуу айтып алган сөздөрү үчүн көп душман арттырып алышы мүмкүн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан