Астротөлгө: 11-декабрь күнү төрөлгөндөр оптимист жана көздөгөн максатынан кайтпаган тобокелчи болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

11-декабрда төрөлгөндөр оптимист жана көздөгөн максатынан кайтпаган тобокелчи болушат. Убакытты туура пайдаланып, бардык ишке жетишүү менен мыкты элчи, өз сөзүнө башкаларды оңой ишендирген чечен болушат.

Жакындары анын калыстык үчүн күрөшүнө, адилеттүүлүгүнө таң беришет. Анткени бул күнү төрөлгөндөр ачуу чындыкты жашырып отурбай, башкалардын сезимдерин жаралабастан өз дарегине жеткире алышат.

Терең ойлуу, максатка умтулган жана олуттуу көрүнгөн мындай адамдарды токтотууга, оюнан кайтарууга мүмкүн эмес. Алар турмуш жолунда алысты көрө билген көсөм кеңешчиге гана муктаж болушат. Эгер дал ушундай адамды таба ала турган болсо жаңы ачылыштарды ачуу менен чоң-чоң ийгиликтерди багынтууга даремети жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан