"Бала бакчада балдар биттеп, сарык менен ооруганын жетекчилик буга чейин жаап-жашырып келген" дейт "Шоола" бала бакчасына баласы барган эне

Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасында балдар бир керебетке 4-5тен, батпай калгандары жерде жатканы тартылган видео кечээтен бери талкуу чордонунда. Бүгүн аталган бала-бакчага балдары барган ата-энелер нааразычылыгын билдиришип бала бакчанын жанына чогулушту. SUPER.KG порталына балдардын биринин энеси Батма Калчаеванын айтымында, бала бакчада балдар биттеп, сарык менен ооруганын жетекчилик буга чейин жаап-жашырып келишкен.

"Балдарыбыз жерде жатып калыптыр деп директорду жумуштан алууну көздөгөн жокпуз, бирок мындай нерсе болбошу керек. Жарым-жартылай жылаңач, үстүлөрү ачык, бир керебетте 4-5тен, батпаганы жерде жаткан балдар жүрөктү оорутту. Видео бул бала бакчада тартылганын уккан соң кечээтен бери чогулуп жатабыз. Нааразы болуп келген ата-энелерге директор чыгып жолугуп, "мен 60ка чыгам, мен кетем" деп окуянын чоо-жайын түшүндүрдү. Бирок айта турчу көйгөйлөр көп, балдарыбыз бир апта бала бакчага келсе, 2 апта ооруйт. Буга чейин сарык менен ооруган балдар болгон, кызы да баласы да биттейт, жөтөлөт. Бул нерсенин баары жетекчилик тарабынан жаап-жашырылып келген.

Ооба, бала бакчага келген балдардын саны көп, бирок көп экенин билип туруп эмне үчүн алардын үстүнө дагы балдарды кабыл алышат? Баланы бала бакчага киргизүү үчүн "шапкасына" жок дегенде 5 миң сом, эң көбү 20 миң сомго чейин алганын элдин баары эле билет. Мен өзүм баламды бул бала бакчага киргизгенде шартымды түшүндүрүп, акча берген эмесмин, бир сиңдим акча берип анан киргизген.

Оңдоо иштерине деп акча чогултулат, бирок ал кайда кетет? Балдар жаткан жерге ата-энелер киргизилбейт, мен да ал жакты көргөн эмесмин. А бирок биз ата-эне катары балдарыбыз тиешелүү шартта каралышын талап кыла алабыз", - дейт эне.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кечээ интернетте бала бакчада 50гө жакын бала бир бөлмөдө, бир керебетке 4-5тен, узун-туурасынан жатканы тартылган видео тараган. Кээ бири батпай калып, полдо уктап жаткандары да бар. Тасма Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасында тартылганы аныкталган.

Бир керебетте төрттөн уктаган балдар. Ата-энелер нааразы. Бала бакча жетекчилиги эмне дейт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhumagul89
2019-04-24 21:47:21
1-ден ремонттон алдын ата-энелерге эскертуу бериш керек.2-ден ремонт убактысында жок эле дегенде 1айга жабыш керек.3-дон бала бакчада канча бала бар экенин озуда билбейт,эгер 320бала бар болгон болсо,ар бирине компенсация толонуп берилиш керек за то,что ошончо бала ремонт убактысында химия менен дем алып жатышкандары учун.4-дон силер эмне себептен руксат сурашынар керек киришке?андай жактарга имеете право туртуп кирип барышка,бул силердин жумушунар.
0
max-bek
2019-04-25 07:47:35
Видеого тарткан адам ким болсо да чоон койгойдун бетин ачты.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан