Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.
"Жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп баш кошком. Алгач бири-бирибизди сыйлап, ысык күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Биринен-бири таттуу эки уулдуу болдук. Ошентип, эл катары жашап жүрдүк. Күйөөм Кубан башында тың жигиттердин бири эле. Бирок кийин үй-бүлөгө таптакыр көңүл бурбай калды. Кээде жегенге нан калбай калган учурлар болду. Билбейм, табиятымдан башкачамынбы, айтор, ошентип күн көргөнгө көнө албай койдум. Алгач "Ош базарында" тамеки, майда-чүйдө сатып соодага кириштим. Кийин өзүмчө базардын ичинен орун алып, соодам жакшы жүрө баштады. Акыры бутума туруп кеттим.
Күйөөм ал күндөрү үйдө балдар менен калчу болгон. Мен көбүрөөк акча тапкан сайын анын кыжыры кайнай баштады. Бирок мен токтоп калган жокмун. Акча чогултуп, үй алганга да жетиштим. Албетте, акчаң болгондон кийин бардыгын өзүң билип, чечип калат экенсиң. Көп нерселерди андан акыл сурабай эле өзүм чечип койгонго көндүм. Үй алгандан кийин күйөөм таптакыр эле өзүн таштап койду. Кудайдын куттуу күнү ичип, чыр-чатак чыгара баштады. Акыры бул нерсе күйөөмдүн көзүнө чөп салууга жеткирди..."
Окуяны толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрүңүз.