
Бүгүн, 26-апрель - Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк күнү. Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы ассамблеясынын 1999-жылдын октябрында өткөн жыйынында 26-апрелди Интеллектуалдык менчик күнү деп белгилөө чечими кабыл алынган.
Ал эми коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өзгөчө маани берүү, чыгармачыл адамдардын сиңирген эмгегин таануу максатында жыл сайын майрамдалуучу Интеллектуалдык менчик күнү болуп белгиленген.