Бишкекте 25-апрелге караган түнү жол кырсыгына кабылып, өрттөнүп кеткен унаанын айдоочусу делген кыздын баш мээси чайкалган. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-апрелге караган түнү Бишкектеги Масалиев көчөсүндө (Түштүк магистраль) жол кырсыгы катталган, анда Мерседес үлгүсүндөгү унаа жолдун жээгиндеги тосмону сүзүп, өрттөнүп кеткен. Унаанын ичиндеги эки кыз ооруканага жеткирилген болчу.
"Жол кырсыгынан жабыркаган 2001-жылы туулган К.к.А. жана 1999-жылы туулган С.А. аттуу эки кыз 25-апрель күнү таңкы саат 4:00 чамасында ооруканага келип түшкөн. К.к.А. эч кандай жаракат албаганына байланыштуу үйүнө чыгарылган. Ал эми С.А. аттуу кыздын баш мээси чайкалганы аныкталып, бүгүнкү күндө ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Абалы жакшы", - деп билдиришти ооруканадан.
Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда унаанын айдоочусунун аты-жөнүн аныктоо боюнча иш-аракеттер жүрүүдө.