Бишкекте унаасы менен көпүрөдөн түшүп кеткен айдоочу кыз операцияга даярданууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков кабарлады.
"Жабырлануучунун акыреги сынган, учурда аны операцияга даярдоо иштери жүрүүдө. Мындан сырткары анын 8 кабыргасы жана жамбаш сөөгү да сынып кеткен. Кабыргалары убакыттын өтүшү менен өз калыбына келет, ал эми жамбаш сөөк жылышпагандыктан ага да операция жасалбай турган болду. Учурда бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда”, - дейт Кубатбеков.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Жол кырсыгы 21-апрелден 22-апрелге караган түнү, саат 02:00 чамасында Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдө орун алган. Анда Honda CRV үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатканда жолдон чыгып кетип, көпүрөдөн түшүп кеткен.