Митинг учурунда тазалоо иштери тоскоолдук үчүн атайын жасалдыбы? Мэриянын жообу

Бүгүн, 26-апрелде Бишкекте "Кызыл-Омпол" уран кенин өндүрүүгө каршы митинг өттү. Иш-чара Ак Үйдүн алдында башталып, "Ала-Тоо" аянтындагы Манастын эстелигинин алдында уланды. Жалпысынан 300гө жакын адам катышты.

Бул учурда "Ала-Тоо" аянтында тазалоо иштери жүрүп жатканы митингге тоскоолдук жасоо үчүн атайын уюштурулган эмеспи деген суроолор болду. Бул боюнча мэриянын "Тазалык" ишканасынан төмөнкүдөй жооп беришти.

"Желек сабын оңдоо иштери аяктаган соң айланасында май төгүлгөн жерлер калыптыр. Аларды тазалоо иштери жамгыр баштала электе эртең менен башталган. Учурда бул иш аяктады", - дешти "Тазалык" ишканасынан.

Буга чейин мэр Азиз Суракматов 2020-жылга чейин митингдерге тыюу салууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyz_bloger
2019-04-26 14:54:31
Болушу мумкун ал жерге кандай май тогулуп калмак эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан