Санкт-Петербургда экскаватор алдында калган Кыргыз жаранынын денеси бир күндөн кийин чыгарылды

Санкт-Петербургда экскаватор алдында калган Кыргыз жаранынын денеси бир күндөн кийин чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Кырсык 25-апрелде мейманкананын имаратын бузуу учурунда болгон. Экскаватор оодарылып, каптал жагында турган адамды басып калган.

Каза болгон жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1982-жылы 9-апрелде туулган Н.О. экендиги такталган. Анын сөөгү урандынын алдынан 26-апрелде алынып чыгарылган."Азыркы учурда каза болгондун туугандарына керектүү жардамдар көргөзүлүп жатат", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
orun
2019-04-26 16:42:28
Аллах жайын бейиши кылсын
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан