27-апрель күнү төрөлгөн адамдар сезимтал келишет. Ошондой эле тынч, жайбаракат жашоону жактырышат. Өз ишинин артыкчылыктарын жана кемчиликтерин баалап, жыйынтык чыгара билишет. Ийгиликсиз, ишке ашпай калган пландары бул букачарларды коркутпайт. Ойлогонундай болбой калса, кайгырбастан жаңы максаттарын көздөй кадам ташташат.
Бул күнү жарык дүйнөгө келгендер "менин үйүм - менин байлыгым" деген адамдар. Тагыраагы үй-бүлөнү биринчи орунга коюп, анын тынчтыгын, бейпилчилигин баалашат. Балдарынын ою менен болушат. Баланы уруу же катуу сөз айтып тилдөө бул адамдар үчүн эмес.
Чөйрөсүндө туруктуулугу, жөнөкөйлүгү жана калыстыгы менен кадыр баркка ээ. Достору үчүн колунан келген жардамын аяшпайт.