13-июнь күнү төрөлгөн эгиздер кыялкеч, романтик болушат. Бардык кыйынчылыктарды жеңе билген кайраттуу, чечкиндүү, кумурскадай эмгекчил келип, башкаларды дагы өздөрүндөй күчтүү болууга үндөйт. Энергиясы ашып-ташып тургандыктан бир ордунда отура албайт.
Аябай активдүү. Талыкпаган эмгеги менен бийик максаттарга жетет. Карьерасында ийгиликтер орун алат. Ушул күнү жарыкка келгендер жомоктогудай жашоону жарата алат. Кыялдары ишке ашпай калса, алар өздөрүн бактысызмын деп эсептейт. Тобокел кылуу алардын канында бар.
Сөзмөр болгондуктан башкаларга оюн жеткиликтүү билдире алат. Көпчүлүк учурда чыгармачылык жаатта карьера жасайт. Тагыраагы, актёр, артист болушат. Тажрыйбасы, алган билими менен бөлүшкөндү жактырат. Бизнесте, соода тармагында айрымдар жасай албаган жыйынтыкты көрсөтөт.
13 санынын алдында төрөлгөндөр үчүн ишке ашпай турган эч нерсе жок. Алардын баатыр мүнөзү, жаркылдаган маанайы бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет. Бирок бул күнү төрөлгөн эгиздер өздөрүн жогору баалап, ийгиликтери менен мактанганды, ошондой эле башкаларга сын айтканды жакшы көрүшөт.