10-март күнү төрөлгөн адамдар энергиялуу, амбициясы күчтүү адамдар. Алдына кандай максат койбосун ага жетип, ийгилик жаратмайынча жаны тынбайт. Жанындагыларга бирдей мамиле жасап, бат тил табышат. Ошондой эле ачык-айрым бул адамдар ар бир мүнөтүн шаңдуу өткөрүүнү, дайыма майрам уюштуруп убактысын көңүлдүү өткөрүүнү жактырышат. Мындай сапаты менен алар айланасына көптөгөн дос, тааныштарды чогултат. Ошондой эле чөйрөсүндөгү адамдардын баары акылдуу болгондуктан алардын жардамы да тийбей койбойт.
Ишине так, жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Коллективи менен баарлашканды, жакшы мамиле түзгөндү жактырат. Алар мындай сапаты менен жумуштун оордугун сезбей, маселе жаратышпайт.