Быйылкы Рамазан айынын башталышы болжолдуу түрдө 6-май деп белгиленди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын аалымдар кеңеши тарабынан Рамазан айы 6-майда башталат деп белгиленди. Айдын жаңырышына байланыштуу 7-майга жылып калышы мүмкүн. Так датасы качан болору 4-5-май күндөрү расмий жарыяланат", - деп билдиришти муфтияттан.