Бишкектеги Жеңиш аянтында гүлдөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Ага гүл өстүрүүчүлөр, гүлдөрдүн түрлөрүн коллекциялагандар катышып жатат. Ар бир гүл өстүрүүчү 500дөн ашуун гүлүн көргөзмөгө алып келген. Айрымдары гүлүнүн саны 1 миңден ашарын айтышат. Бөлмө гүлдөрүнөн сырткары короого эгиле турган гүлдөр да бар. Ошондой эле пальма, лимондун көчөттөрүн да көрүүгө болот.