Бишкекте "акча уурдадың" деп таякеси унаасына сүйрөткөн 9 жашар баланын апасы Орусиядан келе жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады. Ошондой эле бул окуяны акыйкатчы Токон Мамытов өз көзөмөлүнө алды.
Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институтуна бул маалымат жеткен соң акыйкатчынын орун басары Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кат жолдогон. Катта тезинен баланын абалынан кабар алуу жана ал жашаган үй-бүлөнүн абалын текшерүү керектиги айтылган. Ошондой эле баланын мындан аркы жашоосу боюнча иш-чараларды баштоо тапшырмасы коюлган.
Ал эми акыйкатчы жабырлануучу бала жаткан №3 Балдар ооруканасынын дарыгерлери менен жана ал окуган мектептин директору менен сүйлөшүү жүргүзгөн.
"Учурда баланын апасы Орусиядан учуп келе жатат. Бала ооруканадан чыккан соң балдарды коргоо социалдык мекемесине же кризистик борборго бара турганы боюнча маселе каралып жатат. Ошондой эле ага социалдык жана психологиялык жардам керек", - деп жазылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Окуя 27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда эртең мененки саат 8:00 чамасында орун алган. Анда таенесинин акчасын уурдады деп 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Балага мындай аёосуз мамиле кылганын көргөн кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Кийинчерээк баланын атасы каза болуп калган жана апасы Орусияда иштеп жүргөнү аныкталган.