Владивосток шаарында билим алып жаткан Кыргыз кыздары сулуулар сынагына катышты

Апрель айынын соңунда Орусиянын Владивосток шаарында этностор аралык сулуулар жана таланттар сынагы өттү. Ага Бурятия, Башкортостан, Корея, Өзбекстан, Кытай өңдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Кыргыз өлкөсүнүн атынан Ыраакы Чыгыш Федералдык университетинин 1-курсунун студенти Айдай Равшанбекова менен Политехникалык колледждин 4-курсунун студенти Айзирек Касымбекова катышты.

Сынактын жүрүшү жана Владивосток шаарындагы жашоосу тууралуу 22 жаштагы Айзирек Касымбекова айтып берди. Ал Жалал-Абад шаарында туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу. Ата-энеси Орусияда жашагандыктан мектепти бүтүргөндөн кийин алардын жанына барганын айтат.

"Мектепте окуп жүргөндө сынактарга катышканды жакшы көрчүмүн. Моделдерге кастинг жарыяланып, мен да катышып көрүүнү чечкем. Кастингден өткөндөн кийин бир жыл бир долбоордун үстүндө иштедик. Сынак тууралуу укканда катышып көрүүмдү сунуштап калышты. Мындай деңгээлдеги сынакка биринчи жолу катышып жаткандыктан кызыктуу болду. Алгач 10 улуттун өкүлү катары 50 кыз катышты. Ар ким өз улутун көрсөтүп, өз тилинде сүйлөп, элинин өзгөчөлүктөрүн айтып беришти. Модель болууну кыялдангам деп айта албайм. Бирок бул чөйрө кызыктуу.

Үй-бүлөбүз менен бул жакта жашайбыз. Тил билгеним үчүн окуудан деле анчалык кыйналган жокмун. Окууну бүткөндө экономист-бухгалтер адистигине ээ болом. Келечекте кесибим боюнча иштейин деп жатам. Шаар өтө чоң эмес, эли да жөнөкөй. Бардык улуттарга бирдей, сылык мамиле жасашат", - деди Айзирек Касымбекова.

Ал Кыргыз жарандары менен майрамдарды бирге өткөрүп турушарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurka_85
2019-05-01 17:59:04
Ийгилик!!!
Экоо тен татыктуу, сулуу кыздар экен.
+2
talas0707
2019-05-01 19:16:01
Карачы, кыргыздын улуттук кийими менен кандай сулуу корунот, берки суротторго караганда.
+2
Mirlan27011987
2019-05-01 19:22:19
Кыздардын сулуулугу коп нерсени чечип коет.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан