Казакстанда президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо иши аяктады. 7 талапкер каттоодон өттү

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо ишин аяктады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президенттик шайлоого аттануу үчүн 7 талапкер каттоодон өттү. Алар: "Нур-Отан" партиясынын талапкери Касым-Жомарт Токаев, Казакстан коммунисттик партиясынын талапкери Жамбыл Ахметбеков, “Улуу талаа кыраандары” биримдигинин өкүлү Сади-Бек-Тугел, Казакстан профсоюздар федерациясынын өкүлү Амангелди Таспихов, парламент депутаты Дания Еспаева, “Айыл” партиясынын өкүлү Толеутай Рахимбеков, "Улут тагдыры" кыймылынын өкүлү Амиржан Косанов.

19-мартта Казакстанды 1990-жылдан тартып башкарган Нурсултан Назарбаев отставкага кетерин жарыялаган. Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Сенаттын спикери Касым-Жомарт Токаевге өткөн. Өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөрү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан