Баткен облусунун, Сузак жана Ноокат райондорунун прокурорлору дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусуна Абдибакыт Халмурзаев, Сузак районуна Мырзабек Осмонов, Ноокат районуна Калмамат Бекташов прокурор болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка 8-майда кол коюлду. Басма сөз кызматы билдиргендей, жогоруда аты аталгандардын бардыгы буга чейин прокуратура тармагында иштеп келишкен.