Эмилбек Каптагаев Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Каптагаев дайындалуусу тууралуу социалдык тармактагы баракчасына "Бул кызмат "мамлекеттик кызмат" дегенге кирбейт, иликтөө, изилдөө, анализдөө, прогноздоо, сунуш даярдоо дегендей илимге жакын кызмат структурасы" деп жазды.
Эмилбек Каптагаев 2013-2016-жылдары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеген.
Акыркы мезгилде Каптагаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап, ал эми учурдагы өлкө Сооронбай Жээнбековго карата жылуу пикирлерин билдирип келгени маалым.