Улукбек Самыйбеков Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 4-мартта кол койгон соң Самыйбековду Салык кызматынын борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырылды.
Жаңы орун басар аталган мекеменин маалыматтык технологиялар жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу менен байланышкан тармакты жетектөөгө алат.
34 жаштагы Самыйбеков 2013-жылдан бери Социалдык фонддун Маалыматтык систем башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.