Володимир Зеленскийдин кызматка киришүү аземи 20-майда өтмөй болду. Зеленский 19-майда өтүүсүн каалаган

Украинанын парламенти Володимир Зеленскийдин кызматка киришүү аземи өтчү күнүн дайындады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө инаугурация 20-майда өтмөй болду. Бул чечимди 315 депутат колдоду. Зеленский кызматка киришүү аземи 19-майда өтүүсүн каалаган. Анын пикиринде, азыркы бийлик аны парламентти таркатуу укугунан ажыратуу үчүн бул күндү атайылап создуктуруп жатат. Бирок депутаттардын көпчүлүгү Зеленскийдин сунушун колдобой коюшту. Алар 19-май Украинада Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү экенин жүйө келтиришти.

Украинадагы президенттик шайлоонун алгачкы туру 31-мартта өткөн. 39 талапкер катышкан шайлоодо Зеленский шайлоочулардын 30,24 пайыз добушуна ээ болсо, Петро Порошенко 15,95 пайыз добуш алып 2-турга өткөн. 21-апрелде шайлоонун 2-туру өтүп, алдын ала маалыматтар боюнча Зеленский атаандашынан дээрлик 3 эсе көп добуш топтогону айтылган.

Володимир Зеленскийдин өмүр таржымалы жана саясатка келип калуусу тууралуу бул шилтемеге баш багып окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан