"Памирлик кыргыздарга өлкөдөн жер берүү маселеси эки тараптуу чечилүүсү керек" дейт ТИМ өкүлү

Памирден келген кыргыздарга жер берүү маселеси бул эки өлкөнүн сүйлөшүүсү аркылуу жүрүшү керек деген ойду Тышкы иштер министрлигинен келген өкүл Алмаз Асанбаев тегерек столдо билдирди. Ошондой эле себебин мындайча түшүндүрдү.

"Афганистандан 11 үй-бүлө балдарын окутуу үчүн келсе, ата-энелери коштоочу катары эсептелинген. Азыр сиздер жер берүү жана турак жай салуу маселесин айтып жатасыздар. Бирок бир маселе бар. Балдарды окутуу үчүн келип бул жакка калып калуу Памирдеги жашап жаткан кыргыздарга кооптонуу туудуруп жатат. Себеп дегенде кийинки келчү окуучулар же жарандарды Афганистан тарап чек арадан өткөрбөй коюшу мүмкүн. Балким, силер барып кайра кайта албай калсаңарчы? Себеби силердин ал жакта жашап жатканыңарга аталган өлкө дагы кызыкдар. Ошондуктан бул маселе дипломатиялык негизде чечилиши керек", - деп билдирди Асанбаев.

Памирлик кыргыздар жер тилке сурашты. Аткаминерлер эмне дейт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kanat.tls
2019-05-22 15:41:14
Мамлекеттин байлыгы бул-Эл. Элге кам көрүш керек!!!
+2
Dembele84
2019-05-22 16:05:35
Секин секин окуганы келген болуп бул жакта жер берилип,акырындап баары келе беришсе болот.Бирок бул нерсе кооптуу,аны афгандар билип калса границасынан откорбой койсо,жолугуша албай да калышат.Ошон учун дипломатиялык жол менен эле суйлошуу жургузуу туура го дейм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан