Биз социалдык тармакта

Бишкектин Гоголь көчөсүндө жол оңдоо иштери толугу менен аяктады 

Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрда шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки 1,5 чакырымга жакын тилкеге асфальт төшөлүп, жол кеңейтилди. Ошондой эле жолдун эки тарабына унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, тышкы жарыктандыруу системасы жаңыртылды. Кабелдик тармактар жер астына өткөрүлдү.

Мындан тышкары, аймакка 200дөн ашык көчөт отургузулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөнү айтылды.

"Ошондой эле Чүй проспектинен Огонбаев көчөсүнө чейинки тилкеде эски суу түтүктөрү жаңыларына алмаштырылды. Чүй проспекти менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган объектилер демонтаждалып, аймак иретке келтирилди.
Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган",- деп кошумчаланды маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан