АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык тармактагы баракчасына Орусиянын президенти Владимир Путин менен кол алышып турган сүрөтүн "Менин досум" деген жазуу менен жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, сүрөт 19-ноябрда АТЭС саммитинен кийин өткөн эки лидердин жолугушуусунда тартылды. Анда Украинадагы жаңжал жана Москва менен Вашингтондун мамилеси талкууланды.
Белгилей кетсек, буга чейин Кытайда өткөн үч тараптуу жолугушууда Трамп Путинди "эң жакын досум" деп атап, бирок коштошуу учурунда АКШнын администрациясы Трамп менен Си Цзиньпиндин гана видеосун жарыялады. Бул көрүнүш социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.