Украиналык ырчылар Алексей Потапенко жана Настя Каменских баш кошту. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, буга чейин ырчылар досторуна үлпөт тойго болгон сырдуу чакырууларды таратышканы талкууга алынган. Буга чейин маалымат каражаттары көп жылдан бери бирге ырдап келе жаткан ырчылардын ортосунда жакын мамиле бар экенин жазып келишкен. Бирок 38 жаштагы Потап жана 32 жаштагы Настя мамилелерин ачыктаган эмес.
"Ырчылардын тою кечээ, 23-майда өттү. Үйлөнүү үлпөт той учурунда Потап колуктусуна коноктордун алдында сүйүүсүн билдирген клип тартуулады. Экөөнүн сезимдерин жаман көз, суук сөздөрдөн сактоо үчүн болгон аракетин жумшап, мамилелерин жашырып келгени үчүн Настяга ыраазычылыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.