УКМКнын орду жана реформасына арналган тегерек стол резолюцияны кабыл алуу менен аяктады (видео)

Бүгүн, 24-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети УКМКнын орду жана реформасына арналган тегерек столду өткөрүүдө. Анда экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, экс-элчи Кылычбек Султан, КСДПнын мүчөсү Адил Турдукулов жана башка саясатчылар менен коомдук ишмерлер катышууда.

10:15. КСДПнын мүчөсү Адил Турдукулов: "Президент алмашканы менен, УКМКнын системинде кардиналдуу өзгөрүү болгон жок. "Форумда" биз бир электрик менен иштешчүбүз. Кийин ал УКМКнын кызматкерлери менен кызматташып келгени аныкталды. Ал "Форумда" тыңшоочу аппарат койгон. Ал жерде мындай жабдуудан экөө коюлган. Анын бири Алмазбек Атамбаевдин, экинчиси Фарид Ниязовдун иш бөлмөсүнө коюлмак. Бирок "Форумдун" техникалык кызматкери бул тууралуу билдирип, аны өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырган адам мажбурлаганын билдирген".

10:30. Укук коргоочу Рита Карасартова: "Бизди тыңшап жүргөнүн күйөөмө куран окутуу учурунда байкагам. Столдон шектүү нерсени байкагам. Кийин аныктоо үчүн камераларды текшерүү жүргүзөлү дегенде камералар иштебегени аныкталган. Азыркы бийлик мындай оор күндөрдө да ушундай аракеттерин жүргүзүп жатканы өкүнүчтүү".

10:45. Өздөрүн "Антитеррор" кыймылынын өкүлдөрү деп тааныштыргандар тегерек столду үзгүлтүккө учуратууга аракет кылууда.

11:00. Тегерек столдун дагы бир Нарындан келген катышуучусу сөз талашып кыйкырынды. "Мен Рита айымды сыйлайм. Айрым эркектерге караганда эркек. Адил Турдукулов, Равшан Жээнбековдун позициясы жок" деп айтты.
11:05. Өзүн "Антитеррор" кыймылынын өкүлү деп тааныштырган Алексей Толмачев тарабынан тегерек столду үзгүлтүккө учуратуу аракеттери улантылууда. Буга Рита Карасартова "Коопсуздук кызматын чакыргыла, Толмачевди сыртка чыгарып койсун" деди. Тегерек столдун катышуучулары бул УКМК тарабынан атайын уюштурулган деген ойду карманууда.
11:15. Укук коргоочу Динара Ошурахунова: "УКМКга көп функциялар берилип калган. Азыр бул мекеме коррупция менен күрөшүп жатабыз деп камоолор менен алектенип калды. Коопсуздук маселеси экинчи планга жылып калгандай сезилүүдө".
11:25. "Нарын жаштар ордосу" уюмунун өкүлүмүн деп өзүн тааныштырган Дастан Пенаров укук коргоочу Рита Карасартовага кайрылып, "мен сизди 8-мартка чейин сыйлап келгем. Бирок сиз гейлер чыккан парадга катышканыңыздан кийин реформа жүргүзүүгө акыңыз жок" деди.
11:40. Сөз алган "Антитеррор" кыймылынын өкүлү Ильдар Биккинин: "Мен УКМКнын, ФСБнын кызматкери эмесмин. Эгер далилдей алсаңар далилдегиле. Буга чейин Динара Ошурахунова менен Рита Карасартова ЦРУнун расмий сайтына бийликти басаңдатуучу кыймылдын өкүлү деп чыккан. Бул жерде элдин өкүлдөрү отурган жок. Силер буга чейин ИИМ реформалансын деген талаптарды айткансыңар. Анын жыйынтыгы эмне болду? Ал аракеттер ИИМдин бузулушуна алып келди. Эми УКМКны реформалайбыз деп жатасыңар. А буга чейин Ошурахунова менен Карасартова, өзүңөр арыз менен УКМКга кайрылып жүрбөдүңөр беле?"
11:50. "Кырк чоро" кыймылынын башчысы Замир Көчөрбаев: "Бул тегерек стол мамлекеттеги абалды көрсөтүп турат. "Оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" болбой, бизге улам-улам реформаларынын кереги жок. Буга чейин жакшы мыйзамдар болгон, бирок айрым өзгөртүүлөрдөн, толуктоолордон кийин ал мыйзамдар күчүн жоготкон. Бизге жакшы мыйзамдар керек. Ал ИИМ, УКМКнын системин оңдоого жардамын тийгизет".
12:00. Сөз алган жарандык активист Мухит Мамытов: "Тегерек столду өткөрүү учурунда аны үзгүлтүккө учуратуу аракеттери көрүлдү. Мен мейманкананын күзөт кызматына кайрылып бул маселени чечүүгө чакырганда, алар эч нерсе кыла албай турганын айтышты. Бул эмнеден кабар берет? Бул нерсе баары УКМКдан корко турганын билдирет".
12:05. Тегерек стол резолюцияны кабыл алуу менен аяктады. "Биз ар кандай темаларда тегерек стол өткөрүп келебиз. Бизди колдогон да, оюбузга каршы чыккандардын оюн да угууга даярбыз" деди Равшан Жээнбеков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан