Өлкөдө "КТ Мобайлга" каршы кыймыл түзүлгөнү жатат (видео)

Бүгүн, 24-майда "Биз "КТ Мобайлга" каршыбыз" деген аталышта маалымат жыйын өтүүдө. Анда журналист Мирбек Айтикеев, "Мекенчил" партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков, жарандык активист Нарис Калчаев катышып жатат.

12:15. Мелис Аспеков: "КТ Мобайл" түзүлүп, бир топ аткаминерлер жумуштан кетти. Биз өкмөттөн компанияга акча бөлүнгөнгө каршыбыз. Которулган акча кайда кеткенин айта албай жатышат. Компаниянын жетекчилери кызматтан кетишти. Биз акчалар сол чөнтөккө кетти го деп ойлоп жатабыз. Бизде жетиштүү уюлдук оператор бар.
Бул бажалардын аферасы болуп жатабы же жатпайбы, муну депутаттык комиссия иликтеп жатат. Биз, жаштар чогулуп, "Биз КТ Мобайлга" каршыбыз" деген кыймылды түзгөнү жатабыз. Каалоочулар кошулса болот".
12:30. Мирбек Айтикеев: "Биз бүгүнкү курсактын тойгонуна кам көрө албай жатканда ушундай компанияны түзүү керек беле? Иманкадыр Рысалиевдин уулу көп каражат айлык ала турганы белгилүү болду. Мейли, ошондой айлык алсын, бирок сырттан инвестор табыш керек эле да. Эч нерсе кылбай туруп чоң суммадагы айлык алган туура эмес. Айрымдар бул маселенин айынан "премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кетсин" деп жатат. Ал кеткенде маселе өзгөрбөйт. Кеткен каражаттар кайтарылышы керек".
12:35 Нарис Калчаев бир гана "КТ Мобайлдын" тегерегинде эмес, көптөгөн көйгөйлөр болуп жатса да бийлик тарап президент, премьер-министр, Жогорку Кеңеш унчукпай отурушканын айтты. "Бийлик кандай гана маселе болбосун үн каткан жок. Чындыгында көйгөй бардык жерде ачык жарыяланып жатат. "КТ Мобайлга" премьер-министрдин тиешеси жок болсо убактылуу жумуштан четтетилип турушу керек эле. Анын ордуна ал актанып жатат", - дейт.
12:40. Мелис Аспеков: "КТ Мобайлга" премьер-министр Абылгазиевдин аралашканы ачык болуп калды. Анын бажасы өкмөттө жыйындарды өткөрүптүр. "Мегакомдун" жетекчиси да "бизди акча которууга мажбурлап жатат" деп айтпады беле. "Мегакомду" талкалаганы жатышат. "Мегакомдон" акча уурдай албай калып, ушул "КТ Мобайлды" түзүп жатышат. Депутаттык комиссиянын жетекчисине кайрылат элем, компанияга которулган чоң суммадагы каражат кайда жумшалганы иликтениши керек".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан