"Форумдун" техникалык кызматкерине Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппаратты орнотуу үчүн 500 доллар убадаланган" деп бүгүн, 24-майда маалымат жыйынында КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Адисибиз УКМКнын кызматкеримин деген адам менен кызматташуудан баш тартканда ага карата коркутуулар болгон. Аны коркуткан УКМКнын Дамир аттуу кызматкери адисибиздин ата-энеси мамлекеттик кызматкерлер экенин билерин айтып коркутууну уланткан. Адис Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппаратты койдуруу үчүн 500 доллар, андан кийин ага ай сайын акча берилип турары да убадаланган.
Техникалык кызматкерибиз экс-президенттин жан сакчысы Дамир Мусакеевге бул тууралуу билдирген. Биздин кызматкер менен УКМКнын кызматкеринин ортосунда болгон жазышуулар, СМС-билдирүүлөрүнүн скриншоттору бар. Мындан сырткары экөө жолугушкан учурлар видеого түшүрүлгөн", - деди Жолдубаева.
УКМК "Форумдагы" тыңшоочу аппараттарга тиешеси жоктугун айтууда.