Борбордогу чоң мечиттин жанында жума намаз учурунда айдоочулар жолго унааларын 3 катар токтоткондуктан коомдук транспортко жана жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралды

Бүгүн, 24-майда борбордогу чоң мечиттин жанында жума намаз учурунда айдоочулар жолго 3 катар унааларын токтоткондуктан коомдук транспортко жана жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаар тургуну билдирди.

Маалыматка ылайык, унаалар мечиттин жанында унаа токтотууга орун калбай калгандыктан мечитке келген айдоочулар аялдаманын жанына 3 катар кылып унааларын токтотуп коюшкан.

"Айдоочулар унааларын 3 катар кылып токтотуп койгондуктан троллейбус, автобус сыяктуу чоң көлөмдүү транспорттун жолдон өтүүсү кыйындады. Ал эле эмес, коомдук транспорт күтүп турган жүргүнчүлөр андан түшүп же ага түшүү үчүн унаа жолдун ортосуна чыгууга аргасыз болуп жатышты. Мен шаар тургундарынын мечитке келишине каршы эмесмин, бирок башка адамдарды жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун да ойлошсо", - дейт нааразы болгон шаар тургуну.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
elebes86
2019-05-24 20:41:49
Уят. Бейишке чыкчуулар ушинтип башка тургундарга жолтоо кылып жатканынар. Туну менен ушул мечиттегилер уйку беришпейт. Микрофон менен жаныртып атайлап арабча кыйкырыктарды тануулап жатасынр. Мечиттер арабтардын идеялогиясын жайылтан борбор болуп калды.
-25
Kairat1996
2019-05-24 21:17:34
elebes86,Бейишти ким коруп келиптир. Болгону сокур кыял. Жалкоолор бир нерсени кылданып жашаганды жакшы корот эмеспи. Молдолордун жалган бейиши адамдарды ээрчиткенге жакшы да. Кооз создорду ээрчий бергенден пайда жок
-20
KAYRATBEK
2019-05-25 14:26:08
Kairat1996, тууганым анчалык чон суйлобо. Ичинде 1кг б.к которуп жургонунду унутуп бейиштин ким которуп келиптир дебе. А ким жок экенин коруп келиптир десем меен тонуп калат. Мечит бул сени менен мени айбан эмес адам кылып жараткан затка шугур айта турган жер. Жаш бала экенсин бир аз ата бабандын дининен кабар алып кой. Уят болот
+4
-Sumitra-
2019-05-24 20:47:05
Ыйык жума куну бир саатка эч ким олбойт.Он метр жоо басып, коомдук транспортко тушкондон.Ушинтип эле бойроктон шыйрак чыгара бересинер.Бир нерсе деп жазса эле диндин фанаты деп жазасынар.Уят да эми.Жолдор тар,мечиттер жолдун боюнда.Шугур кылыш керек ушунча адам мечитке барып намаз окуганына.
+13
Dalil
2019-05-25 10:25:32
-Sumitra-, ушунча киши намаз окуганы жакшы, бирок алысыраак көчөлөрдө бош жайлар толтура. Ошол жака коюп басып келсе сообу андан да көп болот. Жолго коюп жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратып жатат. Окуган намазынын сообу каяка кетет? Ар ким окуса өзү үчүн окуйт. Анын окуган намазы башка бирөөлөргө тоскоолдук жаратпаш керек. Урматтуу момун мусулмандар өз катабызды билип, мындайга жол бербешибиз керек.
+5
KG.Kushtarbek
2019-05-24 21:01:12
Мына мусульман емес олко Россия москвада жол пробкада болбойт болбосо адам коп келет Бир жолду жаап койотторго Мынаке уважение а бизде Тополон кылаттар 1саатка Олбойсун Кутуп турсан ошондой кучтуу адам болсон тушуп сенда окуу.Кыргызстандын молдокелерине асылбагыла Озубуздукун озубуз сыйлабасакда башка жактагылар сыйлайт урматтайт таджик озбек казактар коздору куйот силерде илимдуулор коп молдолор деп
+3
newman
2019-05-24 21:45:33
KG.Kushtarbek,Сабыр кыл. Коч бара бара оңолот.
+4
Wold
2019-05-24 21:01:39
Башка майрамдарда кечке деле турасыңарго пробкада, же автобустан түшө калып жөөда кетип каласыңар. Жума күнү 2 саатка жетпеген эле пробка боло калса эле ыйлактап, провокация жаратып, чуу-тополоң салып ийесиңерда журналисти айдоочусу атеисти теңирчиси баш болуп. Алар деле өзүбүздүн ага-ини, чоң аталар болот, башка өлкөдөн келип жатышкан жок. Сабыр туугандар сабыр, баарың жума Намазына келип окугула арызданып ыйлактабай. ХХХХХ
+13
glaz_almaz
2019-05-24 22:02:17
Ислам динибизде айтылат. Адамдарга тоскоол болгон жолдо жаткан ташты алып койсо канчалаган сооптор берилээрин окуган, уккан эмессинерби? Биз адамдарды сыйлоо менен улгу болуп Ислам динине чакырышыбыз керек. Кээ бир ушундай адамдарга кайдыгер караган мусулмандардын айынан баары динди жаман коруп алышат. Кылык-жоорукту, кулк-мунозду да ондош керек. Кокусунан тез жардам оорулуу адамды алып кетип жаткан болсочу? Андай учурда 1-2 саат эмес 5 мунот да зарыл болгон учурлар болуп калат
+11
sinej
2019-05-24 21:04:13
Мечитке барып миллион жолу сыйынгыла баарыбир ичинерге ыйман кирбейт, кудайынар силерге ыраазы болбойт Себеби ыйман сыйынуудан эмес, бироонун жолун сыйлоодон келет. Динчилдер намазынарды бироого тануулагады токтоткула.
-5
newman
2019-05-24 21:43:29
sinej,намаз мусулман адамга парз. Сизге эч тиешеси жок тууган. Эми жол тосулганы, орун жок үчүн ушул окуя болуп калды. Ал үчүн кечирим сурайм. Мэрия балким чечип берсе пробка болбой калаар. Сабыр тилейм, сизди жакшы көрөм
+5
Kairat1996
2019-05-24 21:36:08
Аллага сыйынганды эмес, адамды сыйлаганды уйронгуло.
-11
newman
2019-05-24 21:54:29
Kairat1996,Аллага сыйынганды үйрөнүп атам. Адам сыйлаганды да үйрөнүп атам. Тууган кемчилик бар. Оңолобуз, Сабыр тилейм сизге
+2
newman
2019-05-24 21:40:15
Достор жума бул мусулман окуй турган намаз. Эми жол тосулуп калганы туура эмес. Орун жок болгон үчүн ушул окуя болду. Анан мусулман эместер уккула: молдолор мен сыяктуу кемчиликтүү адам. Идеалдуу эч ким жок бүгүнкү учурда. Исламды жаман көрсөңөр да суранам, ичинерге каткыла. Мен силерди жакшы көрөм, убагы менен оңолобуз. Силерда онолосунар. Мен Малайзия олкосундогудой дини, улутуна карабай ынтымак болоорубузга ишенем. Теңирчи болсоң баракелде. Атеист болсоң баракелде. Мусулман? Баракелде.
+5
Mirlan27011987
2019-05-24 21:46:29
newman,
При чем тут тенирчи атеист мусулман. Адамкерчилик бийик болуш керек. Азыр мечитке барган мусулмандарга караганда, мечитке барбаган мусулмандар адептуу, сабырдуу экен, эч кимге оюн бирого тануулабайт. Мечитке барып микромофон менен бироонун тынчтыгын бузбайт.
-7
newman
2019-05-24 21:59:28
Mirlan27011987,жол тосулганы үчүн кечирим сурайм тууган. Көпчүлүк болгондо кемчилик болот. Бара бара оңолобуз. Сабыр кылыңыз. Ар биринде машинасы болсо ушундай абал болуп калат экен. Микрофон менен болгону азан айтылат. Таңкы, түнкү азандар мэрия өлчөп берген децибеллден ашпайт. Намаз оку деп мусулман адамга айтабыз. Мусулман эмеске такыр тиешеси жок бул сөз. Сизге бирөө танууласа сразу айтыңыз "мен мусулман эмесмин" деп. Анан айтпайт сизге.
+10
orun
2019-05-24 22:50:46
2 саатка эч нерсе болбойт. Өлүп кетишпейт. Ит үрө берет, кербен жүрө берет деген жакшы сөз бар кыргыз элимде. Бул маселени пусть меря чечип берсин. Каапыр өлкө Орусиянын эң чоң гилтейген Москва шаарында 4, 5 саатка көчөнү жаап эле коюшат. Орустардын укугу бузулуп кеткен жери жок.
+3
newman
2019-05-24 23:06:57
orun, сабырдуу бол тууган. Асынып албасын араң жүргөндө. Орустар жолду жаап койгону чын. ГАИ менен полиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бизда оңолобуз.
0
momun74
2019-05-24 23:12:19
Окунучтуу коп адам терс пикирин жазыптыр сабыр кылгыла ашып барса 2саат андан ашпайт сабыр
0
jike
2019-05-25 00:02:04
ХХХХХ. Ал Эми менин айтаарым микрофон мн айтып тынчыбызды алат дегендер ал азан кунуно 5жолу айтылат 5муноттон. Кафе,тунку клубтарда тан аткыча тарсылдап музыка коюп койотко неге аларды айтпайсынар? Ата бабаларыбыз азан айтып намаз окуп эле келген
0
Firdaus-Muslim
2019-05-25 01:32:53
Тообо, динге каршы адамдарда бар экенда, теңирчилер боп кетипсиңерго.
+1
newman
2019-05-25 02:25:23
Мусулман туугандарга кайрылуу.сабырдуу болуп, оор жүрөлү. Ар бирибиз исламдын өкүлү болобуз. Биз аркылуу исламды тааныйт кечээ бир адам. Бул жердеги атеист, башка диндегилерге жакшы жагыбызды көрсөтөлү. Биз аркылуу исламдын кереметин билсин. Жогоруда айттым бул кайрылуу мусулман адамга. Калгандар мимо өтө бериңиз. Ийгилик
+1
admin_portal
2019-05-27 12:25:05
Mirlan27011987, -Sumitra-, Avrora2017, Kairat1996, erlan2196, sinej, elebes86, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
0
Wolf_ero
2019-05-27 22:30:56
Бир кун келет ошол Азан унун бир жолу угууга зар болосунар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан