Экс-президенттин жан сакчысы Дамир Мусакеев 5 жылга соттолду

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев 5 жылга соттолду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.

"Мусакеев кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүрүүгө айыпталып, 5 жылга соттолду. Чечимди бүгүн, 24-майда Свердлов райондук соту чыгарды. Мындан сырткары ага 70 миң сом айып пул салынды. Азыр аны СИЗО-1ге алып кетишти", - деди Жолдубаева.

Ушул жылдын февраль айында ага карата "кызматтык абалынан пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп шектелүүдө.

Ал эми 8-майда Башкы прокуратура Мусакеевге "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алган деп айыпталган. Мусакеев Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыгып, журналисттерге 20 миллион сомдук делген үйлөрүн 4 жарым сааттын ичинде көрсөткөн. Андан соң Башкы прокуратура билдирүү таратып, Дамир Мусакеев журналисттерге ачык көрсөткөн жер тилкелер жана үйлөр жакын туугандарына катталган мүлктөрдүн бир бөлүгү гана деген.

Мусакеев УКМКнын 9-кызматынын жетекчилигине 2016-жылы 1-июнда дайындалып, 2018-жылы өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
talas0707
2019-05-24 22:16:32
Ото тезго. Жолдо алып келе жатып эле чечим чыгарганго.
+5
-Sumitra-
2019-05-24 22:23:32
Жакшы болуптур.Жеп жутарлардын баарын камагыла! Колунан иш келбегендерди айдагыла!Коррупция менен курошкуло эми жакшылап.
0
Aman_Mansurov
2019-05-25 15:35:59
-Sumitra-,колунан иш келбеген дердин арасында Жээнбеков бар, ушуну биринчи кетириш керек
-1
Ali-han
2019-05-24 23:50:11
Атамбайга жакындап калышты окшойт!!! Дагы бир экөөнү камап анан Атамбай сурак берет.
+7
Nur777
2019-05-25 00:34:51
Жээнбековтун шиши толду жакшы эле,жакын арада жарышат,коросунор...
Бир четинен Атамбаевге сооп дейм,долдур досун мыйзамсыз алып келип койгон,эмне кылды досу,сатты да,кайдан кордум кара эшек кылды.
Балык башынан сасыйт демекчи,азыркы окмот эн алсыз,мажироо окмот,Соке солдур,Абылгазиеви андан долдур,анын вицелери,кабминдери мындан долдур,уялчаак депутаты,гомосексалюту ж.б кошулуп,бычакка саптуу эч ким жок,бул окмотту жоготушубуз керек,бийликке иштин козун билген,элим жерим деген,жердешчил
+6
Nur777
2019-05-25 00:36:32
ач коз эмес,билимдуу жаштар келиш керек,25 жылдан бери элдин эсебинен жашаган мите курттар кетсин!Кудалар,бажалар кетсин!Профессионалдар,патриоттор,кучтуу кадрлар келсин!!!
+5
Gulipa
2019-05-25 04:30:50
"Эл онолмоюнча,Эл башчы онолбойт"бул накыл кеп 100%туура.Бизге озубуздон башка эч ким жакпайт.Колубуздан бир иш келбей, бироону жамандап эле отурабыз.Озубуз мамлекет учун эмне жумуш жасадык экен?
+4
allaberdi
2019-05-25 07:34:29
Ашанын шакал көчүк жалагычтары түгөнбөй койду го шакалдар
+1
kechirmeni
2019-05-25 09:36:40
Мен эч кимди жактабаймын, бирок жеке пикирим боюнча азыркы президент туура эле баратат, анын эки тандоосу бар эле башында: же президентти тандап аны сатпай сактап, жегендерин (ЖЭБ, ДачаСУ, филармония ж.б коптогон коррупциялык иштерин)жашырып Атамбаевдин айтканын кылыш керек эле же болбосо элди тандап мурунку бийликтин былыктарын чыгарып кустуруш керек эле. Азыр Жээнбеков элди тандады, эски досу болсо да козуно карабай элдин кызыкчылыгы учун жоопко тартып, тазалап атат.
+3
Farkhat07.05.89
2019-05-25 10:20:54
kechirmeni,Эгер азыркы президент акан туура жолдо баратса анда Раим миллион акандан баштабайт беле.Акаев,Бакиевдерди кайра олкого алып келип соттогонго аракет кылбайт беле
+4
kechirmeni
2019-05-25 09:36:59
Бирок бул жерде Жээнбековду аппак деп да айта албаймын, коррупцияга курошту жалпы башташ керек эле, Раим Матраимовго, Жалил Атамбаевге да чара коруш керек эле. Неси болсо мындан ары адилетттуу туура чечимдерди чыгарат деп умуттонобуз
0
kechirmeni
2019-05-25 09:37:12
Ким болбосун кылган ишине жооп берсин АШАбы, Сокеби, шоопурбу, охранникпи, миллионбу, Жалилби кыскасы баары. Биздин мыйзамды сыйлабайбы башка жакка барып жашасын,

+1
Dembele84
2019-05-25 10:50:50
Атамбаевдин маалында буга окшогон охранигинен баштап козун май басып эч нерсени козго илбей тайрандашкан,вот эми жооп бере турган убакыт келди.Бирок Жалил менен Раимдерди да жоопко тартпаса точно куугунтук деп билсе болот,кутуп туралычы аларга да и АША га да убакыт жетеер...
+2
osor
2019-05-25 14:21:15
Бизде адилеттик жок ким бийликте болсо ошол куч а бийликти эл беретко аныда унутпагыла
0
Kamchybek-007
2019-05-25 16:01:30
Атамбаев камалса көксөм сууйт эле
0
al-abu-kinesz
2019-05-26 12:16:19
Ээ мейли Соке иштебесе да коррупциянын тамырын туп тамырынан кыркса деле ыраазы элем. Киттерге да кезек жетээр.
-1
senchi
2019-05-27 18:30:26
Киттерге за калды. Ооздорун толтуруп жегендердин кустура турган кун келди. Миллионеринерда бугун болбосо эртен кусат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан