Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө аймактын жергиликтүү органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, премьер-министр ар кыл тармактарда өкмөт тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик саясаттын жана реформалардын негизги багыттарына токтолду. Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы райондук акимдерге республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган инфратүзүмдүк жана социалдык объекттердин курулушунун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды.
"Биз жаңы жумуш орундарын түзмөйүнчө, экономиканы көтөрө албайбыз. Бул багытта ишкерликти өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүп, жаңы ишканаларды жана жумуш орундарын түзүүнү каалаган жаштарды колдоого тийишпиз. Инфратүзүмдүк объекттердин курулушун, айрыкча калкты таза суу менен камсыздоо боюнча жана билим берүү мекемелерин тийиштүү көзөмөлгө алгыла. Бүгүн биз, тилекке каршы, жергиликтүү жетекчилердин өз милдеттерине болгон кайдыгер мамилесине күбөбүз. Эч демилгесиз, райондордун жана шаарлардын экономикасын өнүктүрүү маселелерин түшүнүшпөйт. Ишкерлердин укуктарын коргоо маселесине өзгөчө көңүл буруу керек, укук коргоо органдары бизнести текшерүүнү токтотууга тийиш", - деди Абылгазиев.