Кыргыз Премьер-Лигасы: "Дордой" клубу кошумча убакытта 2 гол жаратып жеңишти тартып алды (8-турдун жыйынтыктары)

Дем алыш күндөрү футбол боюнча өлкө чемпиондугунун 8-туру орун алды.

Кара-Балта, Кант жана Кочкор-Ата шаарларында өткөн беттештерде "Алай" клубу конокто "Кара-Балтадан" күчтүү чыкса, "Академия Лидер" өз талаасында "Дордойдон" жеңилди. Ал эми "Илбирс"-"Абдыш-Ата" беттеши 0:1 эсебинде жыйынтыкталса, "Нефтчи" клубу өз талаасында "Алга" клубун жеңе алган жок.

Жыйынтыгында Премьер-Лиганын сап башында келе жаткан "Алай" жана "Дордой" командалары 19 упай топтоп, 3-орунда келе жаткан "Нефтчини" 5 упайга озуп өтүштү. Ал эми 4 жана 3 упайга ээ болгон "Академия Лидер" менен "Кара-Балта" клубдары 7-8-орундарга жайгашты.

Беттештердин жыйынтыгы:

25-май:

"Кара-Балта"-"Алай" - 0:3
Голдор: Давлятжан Баратов 29-мүнөттө, Дмитрий Островский 56-мүнөттө, Жоел Кожо 83-мүнөттө.

"Академия Лидер"-"Дордой" 2:3
Голдор: Нурлан Рыспаев 19-мүнөттө, Бекжан Сагынбаев 35-мүнөттө (автогол) - Мирлан Мурзаев 47-94-мүнөттөрдө, Антон Землянухин 92-мүнөттө.

26-май:

"Илбирс"-"Абдыш Ата" 0:1
Голдор: Эламан Мамытов 65-мүнөттө.

"Нефтчи"-"Алга" 0:0

5-турдан кийинки кыргыз Премьер-Лигасынын жадыбалы:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bessmertiy
2019-05-27 11:49:01
Алайжа 1 оюн бар экен. Дордойдон ашат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан