Бүгүн, 27-майда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү” мыйзам долбоору 1-окууда каралууда.
Баяндамачы катары чакырылган айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев долбоордун негизги максаттарынын бири болуп табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү экенин айтты.
“Долбоор боюнча 43 миллион 600 миң долларлык насыя 32 жылга берилет. Долбоор 3 бөлүктөн туруп, анын негизги максаты сугаруу системдерди жакшыртууга багытталган. Жоопкерчилик Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлөт. Пилоттук долбоор катары Азия өнүктүрүү банкы Жалал-Абад облусундагы Ноокен районун тандады”, - деди Керималиев.