Бүгүн, 27-майда парламенттин комитет жыйынында депутат Мухтар Айнакулов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин сындады.
Эл өкүлү "Айыл чарба министрлиги жайыт комитетине жоопкерчилик алабы?" деп сурады.
Буга айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жоопкерчилик ала турганын билдирди.
"Силер дайыма иштеп жатабыз деп айтасыңар. Ошондо министр жакшы иштеп жатканы үчүн кызматтан кеттиби?" - деди Айнакулов.
Буга депутат Кенжебек Бокоев тиешелүү мекемелердин адистери ирригация системи боюнча кайсы аймактарда кандай көйгөйлөр бар экенинен кабары жок экенин билдирди. "Айрым жерлерде ирригация үчүн суу жетпей калып жатат" деди Бокоев.