Депутат: "Картошканын айынан министр кызматтан кетти. Министрлик бул жерде күнөөлүү эмеспи?"

"Сугат башталганда эле жыл сайын суу жетпей, көйгөйлөр башталат" деп бүгүн, 27-майда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Анын айтымында, мындай көйгөй жыл сайын жаралат, бирок ага карабастан чечилбей келет.

"Сууга байланыштуу көйгөйлөр такыр эле чечилбей келет. Бизде жыл сайын сугат башталганда суу жетпей көйгөйлөр башталат. Ага болгон төлөмдөр, кызылдай акча чогултулуп жатат, бирок жоопкерчиликти албай жатасыңар. Байкуш дыйкандарды ким ойлоп жатат? Картошкалар чирип жатат, министр кызматтан кетти, а министрлик бул жерде күнөөлүү эмеспи?" - деп нааразы болду депутат.

Өткөн аптада айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан