Өлкөнүн бийлик бутактарынын башчылары жолугушту. Мындай форматтагы жолугушуу акыркы жолу жарым жыл мурун болгон

Бүгүн, 27-майда өлкөнүн бийлик бутактарынын башчылары президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн күн тартибинде турган олуттуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын жетекчилерине өлкө экономикасын өнүктүрүү, жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөгө чакырды. Президент актуалдуу маселелердин бири катары сот-укуктук реформаны жүргүзүүнү атады.

Жээнбеков Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагындагы милдеттерди, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу зарылдыгын өзгөчө баса белгиледи.

Ошондой эле мамлекет башчысы экономика, сот-укуктук чөйрөлөрүндө, шайлоо системиндеги реформаларга тийиштүү мыйзам долбоорлорун дыкат кароонун жана кабыл алуунун маанилүү экенин белгиледи.

Буга чейин мындай форматтагы жолугушуу акыркы жолу 2018-жылы 31-декабрда өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан