Бүгүн, 28-майда маалымат жыйынында ата мекендик ун өндүрүүчүлөр президентке жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жасап, Кыргыз-Казак чек арасында аткезчилик менен күрөшүүнү сурашты.
"Орион" ишканасынын өкүлү Чыңгыз Дегенбаевдин айтымында, ата мекендик ун өндүрүүчүлөр 2 жылдан кийин жоголуп кетиши мүмкүн. "Мурда биз рыноктун 80 пайызын ээлечүбүз, азыр болсо 20 пайызын гана ээлеп калдык. Жылдан жылга абал начарлап жатат. Эгер мындай абал сактала берсе, 2 жылдан кийин жоголуп кетишибиз мүмкүн. Ишканаларыбызда көптөгөн адамдар иштейт. Алардын үй-бүлөлөрү бар. Алар ишсиз калышы мүмкүн. Ошондой эле биз бюджетке социалдык төлөмдөрдү төгүп турабыз. Ал эми аткезчилер өздөрүн эле багышууда.
Ошон үчүн бийликтен бизге жеңилдиктерди карап көрүүнү жана кошумча нарк салыгын алып салууну суранабыз. 2016-жылы бул салык алынган, ошондо ишибиз жакшы жүрүшкөн. Бирок кандайдыр бир себептен 2017-жылы кайра салыкты киргизип коюшкан", - деди Дегенбаев.