"Акнет" компаниясынын кызматкерлерине "жумушка чыксаңар кармап кетишет" деген коркутуулар болууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда маалымат жыйынында аталган компаниянын жактоочусу Азамат Асанбеков билдирди.
"Акнет" компаниясынын жетекчиси камакка алынгандан бери кызматкерлерге жумушка чыкпагыла деген билдирүүлөр болуп жатыптыр. "Акнеттин" 100 миңге жакын абоненти бар. Эгер кызматкерлер жумушка чыкпаса, иш токтоп калары анык. Ар кандай чагымчылдык аракеттердин алдын алуу максатында маалымат жыйын өткөрүүнү туура көрдүк", - деди Асанбеков.
2018-жылдын 22-ноябрында "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Кийин интернетте "Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болгон деген маалымат тараган болчу. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы компаниянын жетекчисине козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган. 2019-жылдын 28-майында "Акнеттин" президенти Кубан Ажимудинов Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.