Январь-апрель айларынын аралыгында республикалык бюджеттин чыгашасы 39 миллиард 401 миллион сомду түздү

Республикалык бюджеттин чыгашасы 2019-жылдын январь-апрель айларынын аралыгында 39 миллиард 401,8 миллион сомду, анын ичинен бюджеттик каражаттар 35 миллиард 361,2 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырганда республикалык бюджеттин чыгашалары 3 пайызга же 1 миллиард 199,8 миллион сомго азайды.

"Бюджеттик чыгашалар боюнча бюджеттик мекемелерден келип түшкөн бардык өтүнмөлөр (анын ичинде эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, дары-дармектер, тамак-аш, жөлөк пулдар, стипендиялар, мамлекеттик карыз боюнча пайыздарды төлөп кутулуу беренелери боюнча) толук көлөмдө канааттандырылды. Ошону менен бирге бюджеттик мекемелер тарабынан кассалык чыгымдар 2019-жылдын май айына алып өтүлгөн кассалык пландын суммаларына караганда 2 миллиард 486,3 миллион сомго аз жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Farra16gsin
2019-06-03 09:23:16
Качан айлыгыбыз 26мин болот экен супер ошону Сокеден сурап берсенер боло ХХХХХ
-1
Erik2018
2019-06-03 09:43:54
Farra16gsin,Айлык сразу көтөрүлбөйт акырындык менен көтөрүлөт
-2
Farra16gsin
2019-06-03 11:21:27
Erik2018,Соке президент болоордо айтпады беле башкалар 25миң кылса айлыкты мен 26 мин кылам деп кана 2 жыл болуп баратат отурганына ошого карап шайлагамда айлык пенсияны көтөрөт экен деп
+3
Erik2018
2019-06-03 09:40:42
Чыгашаларды азайтып экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө убакыт келди деп ойлойм. Биринчи кезекте азыркы маалды ишкерлерди колдоого алышыбыз керек.
0
Jaznura
2019-06-03 09:56:07
Мурдагы окмоттун тушуна караганда чыгашалар аз экен
0
nabievich
2019-06-03 10:10:12
Москва бир кундо курулагн эмес сабр кылсак баары жакшы болот
-1
Mamiev
2019-06-03 12:16:55
Кирешеден чыгаша көп. Чыгашалар депутат бок курсак чондорго эле кетип калат. Депутаттардын санын азайтып иш ордуларын дагы азайтыш керек. Беш алты министр 60 70 депутат жетет эле. Бизде иш орду эле көп. Мисалы ар бир минстир депутаттын эле эки үчтөн жардамчы водителдери бар орун басары деген толтура. А бизге окшогон карапайым га мынчалык чыгым болбойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан